Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/03 14:25
 

Далымбек Ташполот уулу Турцияда 2-орунду алды

 Ош, 19-март /Асанбек Каракозуев – Кабар/. Ош шаарынын №24 мектебинин география мугалими Далымбек Ташполот уулу март айынын башында каратэ-до боюнча Турцияда өткөн мелдеште 38 мамлекеттин ичинен 2-орунду багындырды.

“Өзүм ден соолугум боюнча жеңил мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарына кирем, “колумдан келбейт” деп эле отура бербей, алдыга умтула берсек өзүбүздүн жашообуз үчүн жакшы болот. Мектепте география мугалими болуп иштесем да, окуучуларымды спортту сүйүүгө үндөп келем”,-деди Д.Ташполот уулу.

Жеңиши үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан аталган мугалимге жана анын машыктыруучусу Н.Рысбековго диплом, түстүү телевизор белекке берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу