Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/03 11:48
 

Темир жолчу Максим Стихин сумо күрөшү боюнча биринчи орунду ээледи

Темир жолчу Максим Стихин сумо күрөшү боюнча биринчи орунду ээледи

  Бишкек, 19-март /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу сумо күрөшү боюнча ачык чемпионат болуп өттү. Ага Кыргызстандын бардык аймктарынан 100 дөн ашык балбандар катышып курч мелдеш жүрдү. Чемпионат Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду. Ал эми мелдешке конок катарында күн чыгыш өлкөсү болгон Япониядан сумочулар келишип, мастер-класс өткөрүшүп, сумонун тазалануу салттарын көргөзүштү.

Чемпионаттын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 75 кг. салмакта “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкери Максим Стихинге биринчи орун ыйгарылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Максим учурда аскерлештирилген күзөт кызматында эмгектенет. Спорттун кол күрөш, штанга жана кыргыз күрөш түрлөрү боюнча машыгып келет. Мындай ири мелдеште ал өзүнүн чеберчилиги жана мыкты даярдыгы менен жеңишке жетип олтурат. Ошентип, Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн сумо боюнча чемпионатта биринчи орунду камсыз кылып, “Кыргыз темир жолу” ишканасына атайын кубок жана диплом тартуулап олтурат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу