Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/03 16:09
 

Балыкчыда волейбол боюнча мелдешке жаш курагы 50дөн өткөн спорттун күйөрмандары катышты

 Каракол, 18-март /Кубан Мамбетов-Кабар/. Балыкчы шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Жыргалбай Токтобаев айткандай Бул жолку оюнга 50 жаштан жогорку курактагылар келишип, бул иш чараны алдыдагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнашты.

Бул иш чарага Ысык-Көл областынын аймагынан 6 команда келип катышып, көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Ал эми оюнду өткөрүүгө республикалык Самбо федерациясы демөөрчүлүк кылды. Ошондой эле аталган федерация спортсмендерге атайын тигилген спорттук формаларды белекке берди. Мында негизги максат спорттун массалуулугун арттыруу, областтын эли арасында тынчтыкты, бейпилчиликти, өз ара ынтымакты сактоого бурулду. Биринчи орундан үчүнчү орунга чейин 2500 сомдон 1000 сомго чейин сыйлык коюлуп, мелдеш курч мүнөздө өттү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу