Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/03 10:38
 

Бишкекте “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Гран-При” мелдеши өтөт

Бишкекте “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Гран-При” мелдеши өтөт

 Бишкек, 16-март /Минара Ибраева-Кабар/. Бишкекте алгачкы жолу “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Гран-При” мелдеши өтөт. Аталган мелдеш 17-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Мындай чоң масштабдагы иш-чара Кыргызстанда алгачкы жолу өтө турганы биз үчүн чоң сыймык. Бул иш-чара өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Биз мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүүгө болгон аракетти жумшайбыз”,-дейт Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов.

Турнирге Казакстан, Индия Орусия, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Украина, Беларусь, Түркмөнстан жана Тажикстандын спортчулары катышууга макулдуктарын беришкен. Ал эми конокторду тосуп алуу, аларды мейманканаларга жайгаштыруу, тамак-аштары тууралуу маселелер боюнча даярдыктар көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, эл аралык күрөш федерациясы (ФИЛА) мелдешке "Гран-При" деген статусту берери күтүлүүдө. Бул мелдеш өлкө тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу