Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/03 14:21
 

Ош шаары спортчулардын мектеби

 Бишкек, 6-март /Дайырбек Мейманов – Кабар/. Ош шаары спортчулардын мектеби. Шаарда спорттун өнүгүшү дайыма көңүл борборунда турат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билдирди. Анын айтымында ,өткөн жылда Ош шаарынан Кыргызстандын чемпионатына 21, эл аралык турнирлерге 31, Кыргызстандын биринчилигине 13, республикалык деңгээлдеги турнирлерге 14, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 1, Азия оюндарына 1, Дүйнө чемпионатына 2, республикалык универсиадага 1 спортчу катышкан. «2014-жылы жалпысынан Ош шаарынын спортчулары 98 алтын, 78 күмүш, 135 коло медалдарга ээ болушту. Спорттун 8 түрүнөн Кыргыз Республикасынын чемпионаты, спорттун 7 түрүнөн Эл аралык турнирлер өткөрүлдү»-деди А. Кадырбаев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу