Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/04 16:25
 

Бишкекте 13 жылдан бери биринчи жолу шахмат боюнча чемпионаттын Биринчи лигасы башталды

Бишкек, 22-апрель /Медер Ахматов - Кабар/. Бишкекте 13 жылдан бери биринчи жолу шахмат боюнча чемпионаттын Биринчи лигасы 21-апрелде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде башталды. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Данил Султанов билдирди.

Анын айтуусунда, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 9 жаштан 75 жашка чейинки 64 мырза жана 18 айым катышууда.

Биринчи лиганын жыйынтыгы боюнча Жогорку лигага 6 жеңүүчү чыгып, былтыркы жылдын 6 чемпиону менен беттешет.

Жогорку лиганын 5 чемпиону Кыргызстандын атынан Норвегияда өтүүчү бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына барат. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу