Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/04 11:09
 

Ташкентте Борбор Азиянын Шахмат федерация жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Бишкек, 7-апрель /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин Шахмат федерация жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Бул туурасында UzReport.uz маалымдайт.

Анда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Афганистан мамлекеттеринин Шахмат федерацияларынын президент жана вице-президенттери катышты. Кыргызстандын атынан КР Шахмат федерациясынын вице-президенти Талант Мамытов жана федерация президенти Милан Турпанов катышкан.

Жыйында негизги тема катары үстүбүздөгү жылдын августунда Норвегиянын Троамс шаарында өтүүчү Эл аралык шахматтык олимпиадага курама командалардын катышуусу жана даярдыгы талкууланды. “Олимпиада менен катар ФИДЕ башкы ассамблеясы өтөт. Ошондуктан бардык катышуучулар өз учурунда катталып, дүйнөлүк шахмат форумуна катышуусун камсыздоо зарыл”, - деди Казакстан шахмат федерациясынын вице-президенти, ФИДЕ жетекчисинин жардамчысы Берик Балгабаев.

Мындан тышкары, жолугушууда Борбор Азиядагы шахматты өнүктүрүү маселеси талкууланды.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу