Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/04 17:35
 

4-апрелде Бишкекте Азия олимпиадалык жарыш күнү өтөт

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. 4-апрелде Бишкектеги “Түштүк дарбазада” Азия олимпиадалык жарыш күнү өтөт. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жарышта шаардык орто мектептердин 1999-2002-жылы туулган окуучуларынын командалары түзүлөт.

Бардыгы болуп 500 метрге 8 жарыш өткөрүлөт. 

Катышуучуларга сертификат жана сувенирлер, жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылат.

Катышуучуларды каттоо саат 10-00дө, 11-00дө жарыштар башталат.

Иш-чарага Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралинов, Түштүк Кореядагы Азия оюндарынын уюштуруу комитетинин директору жана башка ардактуу меймандар катышат.

Бул иш-чараны Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын калыстар коллегиясы баалайт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу