Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
27/03 14:50
 

28-мартта Таласта Кулатуу боюнча жолдоштук беттешүү өтөт

Бишкек, 27-март /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Эртең Таласта Кулатуу боюнча жолдоштук таймаш өтөт. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында Кулатуу боюнча машыктыруучу Эмил Токтогонов билдирди.

Анын айтымында, Талас командасы менен Тараз курама командасы ортосунда жолдоштук беттешүү болуп, анын максаты жергиликтүү спортчулардын деңгээлин көтөрүү болуп саналат. Мында эки тараптан 20 спортчу катышып, 5 профессионалдык таймаш болот. 

Мындан тышкары, аталган дубандагы Кулатуу федерациясынын өкүлчүлүгү ачылат, анда бул улуттук спорт түрүн жайылтуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Спорттун аталган түрүн жайылтуу боюнча аракеттер “Биримдик-ынтымак” жаштар уюму менен бирге ишке ашырылууда. Өкүлчүлүктөр акырындык менен Ошто, Көлдө, бардык 7 дубанда тең ачылат.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу