Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/03 15:25
 

Ала-Арча капчыгайында альпизим мелдеши өткөрүлөт

 Бишкек, 1-март /Кабар/. 1-15-март күндөрү Ала-Арча капчыгайындагы Ак-Сай музтөрүнүн айланасында альпинизм боюнча чемпионат өтөт. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан билдирди.
Аталган мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети, шаардык альпинизм жана жарга чыгуучулар Федерациясы тарабынан өткөрүлөт. Таймашка спорттук клубдардын спортчулары, дене тарбия топтору, КРнын коммерциялык бирикмелери менен катар эле Россия, Казакстан, Өзбекстандан келген топтор да катышышат. Альпинизмди жана аскага чыгуу өнөрүн, спорттук устакерликти арттырып, дегеле күчтүү спортчуларды аныктоону максат кылган таймашууда спортчулар калыстар белгилеген маршрутта канча бал топтогон болушса, ошол суммага тең келген акча каражаты менен сыйланышат. Мындан тышкары жеңүүчүлөрдү Бишкек шаардык спорт комитетинин медалдары жана дипломдору менен сыйлоо да каралган.

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу