Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/02 15:40
 

Өкмөт жана ЖК тараптан спортко жетиштүү көңүл бөлүнбөй жатат

Бишкек, 28-февраль /Алтынай Мураталиева-Кабар/. Бул туурасында кечээ ЖКнын жыйынында депутат Марат Султанов билдирди.
Депутаттын айтымында, кыргызстандыктар жакында самбо боюнча дүйнөлүк кубокко катышып, анда мыкты ийгиликтерге ээ болду. Алардын арасында кыз балдар да катышып, алдыңкылардын катарында орун алып, Кыргызстан туусун желбиретип келишти.

“Бирок аларга өкмөт жана Жогорку Кеңеш тараптан эч кандай көңүл бурулган жок. Менин пикиримде, ийгилик алып келген улан-кыздарын өз атамекенинде жылуу тосуп алып, алардын демин суутпай, мамлекет тараптан ыраазычылык билдирилиши шарт эле. Бул өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө дем берет. Ошол себептүү спорттун алдыңкыларына ЖКнын мактоо грамотасын тапшырууну сунуштайм”, - деди парламентарий.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу