Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/07 14:13
 

Чанг Кью Ким: “Бишкекетеги кадеттер арасындагы күрөш боюнча Азия биринчилиги жогорку деңгээлде өттү”

Бишкек, 9-июль /Махабат Момуналиева - Кабар/. Бишкекте уюштурулган кадеттер арасында күрөш боюнча Азия биринчилиги жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Азия оюндарынын жыйынтыкталышына арналып «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Азия күрөш федерациясынын президенти Чанг-Кью Ким билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте өткөн оюндар, буга чейин башка мамлекеттерде өткөн оюндардын деңгээлинен бир топ эле жогору болду. «Чемпионаттын тейлөө деңгээли мактоого татыйт. Спортчуларга болгон сервис эң мыкты уюштурулган», - деп айтты ал.

FILA бюросунун мүчөсү Ким Ик Джонг Бишкекте буга чейин да болгондугун, андан бери шаар өзгөргөндүгүн айтты. «Ал эми мелдештерди уюштуруу деңгээли жогорку баага татыды», - дейт Ким Ик Джонг.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу