Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/06 12:35
 

Кыргызстандык В. Абросимов кол күрөшү боюнча Азия чемпионатында эң күчтүү спортчу болду

Кыргызстандык В. Абросимов кол күрөшү боюнча Азия чемпионатында эң күчтүү спортчу болду

Бишкек, 27-июнь /Жаңыл Купешева - Кабар/. Кыргызстандык Вячеслав Абросимов Азия чемпионатында сол кол менен күрөш боюнча алтын курду жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Азиянын Кол күрөш боюнча федерациясынын президенти Жээнбек Муканбетов билдирди. 

Анын айтуусунда, спорттун аталган түрү боюнча Азия чемпионаты 15-22-июнда Иранда өтүп, ага 11 мамлекеттин спортчулары катышкан. Негизги күрөш Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын курама командаларынын ортосунда өттү. «Биздин өлкөдөн чемпионатка ар кайсы жагдайлардан улам болгону 9 спортчу катышты, салыштыруу үчүн казактарды алсак, алардан 40 спортчу катышты. Кыргызстандын Мамлекеттик спорт комитети спортчулардын жол киресин гана төлөп берди, калган тамак-ашка, жашоого кеткен чыгымдарды спортчулар өз мойнуна алышты», - деди Ж.Муканбетов.

Анын айтуусунда, атамекендик спортчулар 6 алтын жана 4 күмүш медаль алып келишти. Ошол эле Вячеслав Абросимов курдан тышкары 110 кг. салмакка чейинки мелдеште оң жана сол кол менен күрөшүүдө 2 алтын медалды жеңип алган. Ошондой эле кыргызстандык спортчулар Геннадий Старастенко, Артур Смойловдор жеңүүчү болуп, Мирлан Байчериков күмүш медалдын ээси болду.

Кыргызстандын курама командасы бул Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте 4 орунду ээледи.


 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу