Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
04/06 11:43
 

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунга ээ болду

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунга ээ болду

 Бишкек, 4-июнь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Өспүрүмдөр арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы үчүнчү жалпы командалык орунга ээ болду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана жети коло медаль алып келишкен. «Биздин спортчулар Кытай, Индиянын мыкты командаларын артта калтыра алды», -деп айтты ал.

Коло медалдын ээлери Өскөнбай Абдупатаев жана Мирхат Максатов. Урматбек Аматов, Арсен Айылчиев, Самат Шырдаков, Тынчтык Токторбаев жана Камбар Жоробеков коло медалды жеңип алышкан.
 

Чемпионат Казакстандын Алматы шаарында өттү. 
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу