Спорт

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
29/02 11:34
 

Казакстанда өткөн греплинг боюнча ачык чемпионатта кыргызстандык спортчулар коло медалга ээ болушту

Казакстанда өткөн греплинг боюнча ачык чемпионатта кыргызстандык спортчулар коло медалга ээ болушту

Бишкек, 29-февраль. /Махабат Момуналиева - Кабар/. Казакстанда өткөн греплинг боюнча ачык чемпионатта кыргызстандык спортчулар коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин спорт жана дене тарбия коомдук бөлүмүнүн жетекчиси Кенжебек Чекиров билдирди.
 

Анын айтымында, чемпионатта кыргызстандык спортчулар Дооронбек Нурбаев менен Тилек Жээнбеков коло медалды жеңип алышкан.
“Греплинг бул күрөштүн жаңы түрү. Ал өзүнө эркин, грек-рим күрөшүнүн, самбо, дзюдонун негиздерин башкача айтканда ыкмаларын камтыган күрөштүн жаңы багыты. Кыргызстанда греплинг федерациясы негизделип спортчуларды даярдоодо”, - деп айтты ал.
 

К.Чекиров Кыргызстандын греплинг федерациясын ФИЛА уюму өз катарына кошуу максатында жолдомо жибергендигин айтты. “Спорттун жаңы түрлөрү пайда болсо аны менен машыгып республика ичинде чемпионаттарды өткөрүп, эл аралык турнирлерге катышуубуз зарыл. Дүйнөлүк спорт дүйнөсү менен жанаша жүрүүбүз абзел”, - деди К.Чекиров.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу