Спорт

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
24/02 12:58
 

Б. Кенжебаев: Кыргызстандык спортчулардын Олимпиадалык оюндарга 20 лицензия жеңип алууга мүмкүнчүлүгү бар

Б. Кенжебаев: Кыргызстандык спортчулардын Олимпиадалык оюндарга 20 лицензия жеңип алууга мүмкүнчүлүгү бар

Бишкек, 24-февраль /Жолдош Жусупов – Кабар/. Кыргызстандык спортчулардын Олимпиадалык оюндарга 20 лицензия жеңип алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев билдирди.

“Жыл башынан бери ишибиз ийгиликтүү жүрүп, 2 спортчубуз - Евгений Ваккер менен Магомед Мусаев Азиянын чемпиондугун жеңип алышты. Азыр жеңил атлетика боюнча 1, чыгыш күрөшү боюнча 1 жана мылтык атуу, ошондой эле дзюдо боюнча бирден лицензиябыз бар”,- деди агенттиктин жетекчиси. 

Байгазы Кенжебаев айтымында, Лондондогу жайкы Олимпиадага катышуу үчүн кыргызстандык спортчулардын 20 лицензия утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.  

“Олимпиадага жакшы даярданып жатабыз. Машыгууларды каржылоодо үзгүлтүк болгон жок. Олимпиадага чейин дагы жеңиштер болуп, лицензиялардын саны көбөйө турганына ишенем”,-деп кошумчалады Байгазы Кенжебаев.

 


 


 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу