29.11.2011, 13:21

Кыргызстанда аскага чыгуу спорту боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты өтөт

Бишкек, 29-ноябрь. /Мээрим Ибраева-Кабар/. 2011-жылдын 2-декабрынан 4-декабрга чейин Кыргызстанда аскага чыгуу спорту боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты өтөт. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын альпинизм, аскага чыгуу федерациясынын аскага чыгуу комиссиясынын жетекчиси, аскага чыгуу боюнча республиканын курама командасынын башкы машыктыруучусу Марина Гальцова билдирди. 

Чемпионат Бишкекте жайгашкан “К2” спорт клубунда өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышат. Мында 6 жаштагы балдардан баштап, эл аралык таймаштарда ийгиликке жетишкен спортчулар да катышаары күтүлүүдө. Жалпысынан 85 спортчу катышса, анын 45и Кыргызстандан, 12си Өзбекстандан жана 28 спортчу Казакстандын атынан таймашат. 

Белгилей кетсек, аскага чыгуу боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты 2001-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал жылына кезек-кезеги менен Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда өткөрүлчү. Бирок ыңгайлуу шарттарына ылайык 2010-жылдан бери чемпионат Кыргызстанда өткөрүлүп келет.