Спорт

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
04/10 12:10
 

Е.Шевченко: Тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында калыстар тобу өз спортчуларына тартып коюшту

Бишкек, 4-октябрь. /Махабат Момуналиева-Кабар/. Антонина Шевченко тай боксу боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР тай боксу федерациясынын президенти Елена Шевченко билдирди.
“Алтын медалды Антонина жеңип алса, күмүш медалга Валентина Шевченко ээ болду. Валентина алтын медалды алмак, бирок калыстар тобу өз спортсмендерине тартып коюшту. Себеп Өзбекстанда дүйнө чемпионаты жогорку деңгээлде өттү. Өзбектер жеңишти башка мамлекеттин спортчуларына алдыргысы келген жок, көз көрүнө өз спортчуларын колдошту”-деп айтты Е.Шевченко.
Ал калыстар тобунун ишине Кыргызстан гана эмес башка мамлекеттин спортчулары да нааразычылык билдиргенин кошумчалады.
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан баардыгы болуп 19 спортчу катышты, алар бир ай Ысык-Көл жээгинде машыгууларды өткөрүшкөн. Алардын Ташкентке барып келишин жарым-жартылай Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги каржылаган.
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу