Коом

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/01 18:25
 

“Жашасын балаты” акциясынын алкагында алгачкы көчөт тигилди

“Жашасын балаты” акциясынын алкагында алгачкы көчөт тигилди

Бишкек, 20-январь /Кабар/. 2017-Жаңы жылды майрамдоо алдында Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган “Жашасын балаты” акциясынын алкагында Ленин раймамадминистрациясында алгачкы балаты тигилди. Бул тууралуу башкалаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Шаар тургуну акцияга катышууну чечип, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасына кайрылып, Жаңы жылда үйүнө алып келген балатыны жерге отургузууга жардам берүүлөрүн өтүнгөн. Ишкананын адистери балатыны тигүүгө көмөктөшүп, мына эми балаты бүтүндүй шаардыктарды өзүнүн көркү менен суктандырууда.

“Урматтуу бишкектиктер! Эгерде башкалаанын көркүнө көрк кошуп, жашылдандырууга көмөк көрсөтүүнү кааласаңыздар, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасына кайрылыңыздар. Адистер сиздерге бак-дарактын көчөтүн кайсы жерге кантип тигүүгө жардам берет. Телефон номери: 37-53-30” деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу