20.01.2017, 17:56

ӨКМнин атайын эсебине 19 млн сомдон ашык каражат түштү

 ӨКМнин атайын эсебине 19 млн сомдон ашык каражат түштү

Бишкек, 20-январь /Кабар/. 2017-жылы 20-январь саат 17:00го карата КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 19 млн 129 миң 872 сом 85 тыйын каражат түштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 16-январда Бионг 747-400 учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача-СУ айылында турак үйлөрдүн үстүнө кулап, натыйжада 38 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Ушуга байланыштуу учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ӨКМнин атайын эсеби ачылган.