Коом

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/01 16:48
 

Айтылуу «Americas Got Talent» сынагына катышуу үчүн Америкага барууга “Тумар” тобуна 3 билет жетишпей жатат

Айтылуу «Americas Got Talent» сынагына катышуу үчүн Америкага барууга “Тумар” тобуна 3 билет жетишпей жатат

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Айтылуу «Americas Got Talent» сынагына катышуу үчүн Америкага барууга “Тумар” тобуна 3 билет жетишпей жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине топтун жетекчиси Эрмек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, билет алууга каражат бар болчу. Бирок ал акчаларды консулдук жыйымга коротууга мажбур болушкан.

“Мурда консул бизге виза берүүгө убада кылган, виза алдык, бирок консулдук жыйымга 1 миң 25 долларов төлөдүк. Эми 3 билетке каражатыбыз жетпей жатат. Негизи бешөөбүз барууну пландап жатканбыз”,-деди ал
Ошондой эле Э.Кадыров сынак быйыл 27-январда болорун, учууну 24-январга пландап жатышканын билдирди.
“Кыргызстанды Америкада татыктуу көрсөтүү үчүн кимдир бирөөлөр бизге жардам берет, деп үмүттөнөбүз. Биз мыкты номер даярдадык, биз сынакка толугу менен даярбыз”,-деп айтты ал.

Эскерте кетсек, 2015-жылы бул топту «Americas Got Talent» сынагына чакырышкан. Бирок каражаттын жоктугунан шоуга бара алышкан эмес. Ошондой эле “Тумар” тобу Братиславада өткөн  «Česko Slovensko má talent” сынагында бир нече күчтүү командаларды артка калтырып, 3-орунду ээлеген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу