Коом

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/01 16:23
 

Ош шаарынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам дарегине жетти

Ош шаарынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам дарегине жетти

Бишкек, 20-январь /Кабар/. 16-январда болгон «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга материалдык жана моралдык көмөк көрсөтүү үчүн шаар башчысы А.Кадырбаевдин буйругунун негизинде жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алгачкы гуманитардык жардам Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Сокулук районунда түзүлгөн борбордук штабына жеткирилди. Аталган кырсыкка кайдыгер карабаган Ош шаарынын тургундары тарабынан бүгүнкү күнгө карата 10190 сом акча каражаты келип түштү. 18-январга карата шаардыктардан топтолгон 87190 сом акча жана жылуу кийим-кечелер, тамак-аш азык-түлүктөр, жунуучу каражаттар, ашкана идиш-аяктары жана тиричиликке колдонуучу техникалар тиешелүү актылар менен мэриянын өкүлдөрү тарабынан өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары, кырсык болгон алгачкы сааттарда эле мэрдин буйругунун негизинде каргашалуу кырсыктан каза болгондордун жакындарын жана жабыр тарткан мекендештерибизди колдоо максатында шаардык бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин 1 күндүк эмгек акысын чегерүү үчүн атайын эсеп (счет) картасы ачылган. Аталган эсеп картага алдын ала эсептөөлөр боюнча 3 млн сом акча каражаты түшмөкчү.

Мекендештерибиздин кайгысына кайдыгер карабаган шаар тургундары учак кырсыгынан жабыр тарткандарга дале болсо жардам колун сунууга даяр.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу