Коом

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
20/01 16:16
 

Кыргызстанда учак кырсыгынан жабыркаган 19 жаранга жеке эсеп ачылды – Динара Аляева

 Кыргызстанда учак кырсыгынан жабыркаган 19 жаранга жеке эсеп ачылды – Динара Аляева

Бишкек, 20-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Кыргызстанда 16-январдагы учак кырсыгынан жабыркаган 19 жаранга жеке эсеп ачылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун башчысы Динара Аляева билдирди.

19 жаран үчүн эсеп ачылды. Эсепке 20 миң сомдон салынды.

Д.Аляеванын айтымында, жеке эсеп “Кызыл жарым ай” улуттук коомунун жардамы менен ачылган.

“Демир банк” эсепти жана картаны акысыз ачып берди. Жалпысынан 16-январдан бери биз 899 миң 935 сом чогулттук, анын ичинен 474 миң 600 сому Вечерный Бишкек менен биргеликте жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнө бөлүп берүүгө берилди”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 16-январда Бионг 747-400 учагы “Манас” аэропортуна жакын Дача-СУ айылындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулап, анын кесепетинен 38 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын мүчөлөрү дагы бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу