Коом

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/01 15:57
 

Темир жол аркылуу жүк ташуу үчүн теңдештирилген тарифти киргизүү тууралуу документке жакында кол коюлат – Транспорт министрлиги

Бишкек, 20-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жакын арада темир жол аркылуу жүк ташуу үчүн теңдештирилген тарифти киргизүү тууралуу документке жакын арада кол коет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, темир жол боюнча эксперт Азамат Такырбашев “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Казакстан 2017-жылы 11-январдан баштап Кыргызстан үчүн транзитке теңдештирилген тарифти бекиткенин, ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы бул тарифтерди киргизбей жатканын билдирген.

Ал арада “Кыргыз Темир жолу” мамлекеттик ишканасынан “Кабар” агенттигине түшүндүргөндөй, чындыгында теңдештирилген тарифти киргизүүгө Транспорт министрлиги жооп берет.

“Тиешелүү келишимге кол коюу алардын ыйгарым укугуна кирет”,-деди “КТЖ” мамлекеттик ишканасынын Экономика, стратегиялык өнүктүрүү жана тариф саясаты башкармалыгынын начальниги Нурлан Досумбаев.
Өз кезегинде Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы ведомство башчысы бул документке Өкмөт менен макулдашкандан кийин кол кое турганын билдирди.

Муну менен катар Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинин тармактык ведомство 2014-жылдын аягында темир жол аркылуу жүк ташуу үчүн теңдештирилген тарифтерди киргизүүнүн мөөнөтүн белгисиз себептер менен артка жылдырганы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

“Чындыгында мындай чечим “Кыргыз темир жолунун” өтүнүчү менен кабыл алынган, бизде алардан келген тиешелүү кат бар”,-деп белгиледи Транспорт министрлигинен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу