20.01.2017, 10:58

КРнын реабилитациялык борборлорунун бирине өз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 7 жаштагы кыз түштү

Бишкек, 20-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Кыргызстандын реабилитациялык борборунун бирине атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 7 жаштагы кыз түштү. “Кабар” агенттигине аталган борбордон балага кордук көрсөтүү фактысын ырасташты.

Мындан мурда WhatsApp каналы аркылуу “Кабар” агенттигине окуя тууралуу жаран билдирген, аларга кыз өзү болуп өткөн окуя тууралуу төкпөй чачпай айтып берген.

“Кыз бизге бир ай мурда келген. Азыр ага психиологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Аны коргоо максатында мындан башкасын айта албайбыз. Биздин коомчулук көңүл кош карабай турганын түшүнөбүз, бирок кызга келүүчүлөр көп болсо жана ЖМКлардын тынбай көңүл бурушу кыздын психиологиялык абалына терс таасир этиши мүмкүн. Анын үстүнө кыз андан ары дагы жашашы керек да”,-деп түшүндүрдү Реабилитациялык борбордон.

Борбордон кыз аларга кайсыл жактан түшкөнүн айтышкан жок.
Учурда бул иш менен тергөө алектенүүдө.