Коом

Март 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
20/01 10:13
 

Бишкекте Ленинград блокадасын бузуп өтүү күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкекте Ленинград блокадасын бузуп өтүү күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Бишкекте Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы Ленинград блокадасына карата тургузулган эстеликтин жанында Ленинград блокадасын бузуп өтүү күнүнө арналган митинг-реквием Октябрь муниципалдык администрациясынын көмөгү менен болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Иш-чара “Ленинград блокадачыларынан кыргыз коому” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Ленинград блокадачыларынын коомунун төрайымы Анна Кутанова, РФнын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Октябрь муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Татьяна Кузнецова, шаар тургундары, мектеп окуучулары. ЖОЖдордун студенттери катышты.

“Бүгүн Ленинград блокадасын бузуп өтүү күнүндө биз курман болгон жүздөгөн ленинграддыктардын атынан сүйлөйбүз, Ольга Берггольцтун, Юрий Вороновдун жана Анатолий Молчановдун ырлары менен сүйлөйбүз”,-деди блокадачылар коомунун катчысы Светлана Аристова. Андан соң блокадачылар коомунун мүчөлөрү, студенттер, мектеп окуучулары блокадачыларга арналган ырларды окушту.

Митинг-реквием Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүлчамбар жана гүл коюу менен аяктады.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу