Коом

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
19/01 18:44
 

Каза болгондордун жакындары үчүн компенсация ар бирине өзүнчө берилет – А.Абулгазиев

Бишкек, 19-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. “Сокулук районунун Дача-СУ айылына кулаган “Бионг 747-400” учагы камсыздандырылган, бирок жердеги үчүнчү тараптар үчүн компенсация төлөтүп беребиз”,-деди маалымат жыйынында КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев.

Анын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарында ар бир жаранды коргоо каралган.

“Компенсация бөлүү маселеси боюнча ар бир жаран өзүнчө каралат. Бирок, үйлөрдү компенсациялоо маселесинде үй-бүлөлөргө көңүл бурулат”,-деди ал.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр Дача-СУ айылынын мындан аркы тагдыры тууралуу маселе азырынча карала электигин кошумчалады.

“1985-1986-жылдары бул аймак аэропорттун кызматкерлерине дача катары берилген. Башкача айтканда, бул советтик учур болчу. Бүгүн биз айрым жашоочулар үйлөрүнө “кызыл” китеп алышканын аныктадык. Азырынча бул маселеге тийишпейбиз, анткени мындан дагы маанилүү масеелер бар. 34 адам каза болду, ушуга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек”,-деди М.Абулгазиев.

Ошондой эле, ал 19 үй толугу менен кыйраганын, дагы 7 үй жана 12 чарба курулушу жарым-жартылай бузулганын кошумчалады.
“Жабыркаган аймактын жалпы аянты 5 кмдан ашык. Келтирилген чыгымды аныктоо үчүн кошуналары менен сүйлөшүп, үй кандай болгонун, эмнеден курулганын, ичинде кандай буюм-тайымдар бар болгонун аныктайбыз”,-деди М.Абулгазиев.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ушул жумада кыйроонун натыйжасында келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы эсептелинерин маалымдады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу