19.01.2017, 18:19

Т.Дөөталиеванын соцтармактагы билдирүүсү Бионг 747-400 кыйроосу боюнча өкмөттүк комиссияда талкууланды – М.Абулгазиев

Бишкек, 19-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Медициналык академиянын мурдагы окутуучусу Таттыгүл Дөөталиеванын социалдык тармактагы билдирүүсү Боинг 747-400 учагынын кыйроосу боюнча өкмөттүк комиссияда талкууланды. Бул тууралуу маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

“Ал ушундай билдирүү жазганын биз кечээ уктук. Ушундай кырдаалда ушул өңдүүлөрдү жазуу туура эмес. Орой айтканда акылсыздык. Биздин билишибизче бул боюнча ИИМ тергөө жүргүзүп жатат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болгон.