Коом

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/01 18:09
 

Бионг 747 аэропортко техникалык гана конуу жасамак, жүк түшүрүү каралган эмес – Эмир Чукуев

 Бионг 747 аэропортко техникалык гана конуу жасамак, жүк түшүрүү каралган эмес – Эмир Чукуев

Бишкек, 19-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. “Боинг 747-400” учагы “Манас” аэропортуна техникалык конуу гана жасамак, товар түшүрүү каралган эмес. Бул тууралуу маалымат жыйынында “Манас” эл аралык аэропорту ААКтын директору Эмир Чукуев билдирди.

Анын айтымында, самолет “Манас” аэропортунан май куймак. “Биздеги маалымат боюнча жүк түшүрүү болжолдонгон эмес. Аларда башка коммерциялык максат болгон эмес”,-деди ал.

Муну менен катар, ИИМдин өкүлү кырсык болгон жерден 300 килограмм товар табылганын, ал белгиленип, складка жеткирилгенин билдирди.
“Иликтөөдөн кийин товарлар түрк авиакомпаниясына берилет болуш керек. Жүктүн ээси табылса алар болот”,-деди ИИМдин өкүлү.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу