Коом

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/01 17:45
 

ӨКМнин атайын эсебине 10,5 млн сом түштү – Кубатбек Боронов

Бишкек, 19-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. 19-январь саат 15:00го карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 10,5 млн сом түштү жана ар түрдүү керектелүүчү товарлар келип жатат. Бул тууралуу басма сөз жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, атайын эсепке түшүп жаткан каражаттын бары түзүлгөн комиссия тарабынан каза болгондордун жакындары жана жабырлануучуларга бөлүнүп берилет.

“Комиссиянын курамына Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү аксакалдар жана жаштар кирет. Бул каражаттар турак-жайларды калыбына келтирүүгө жумшалышы мүмкүн”,-деди К.Боронов.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу