Коом

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
19/01 17:36
 

Боинг 747-400 кулаган жерден табылган бардык үч “кара куту” Москвага чечмелөөгө жөнөтүлдү - Мухамметкалый Абулгазиев

Боинг 747-400 кулаган жерден табылган бардык үч “кара куту” Москвага чечмелөөгө жөнөтүлдү - Мухамметкалый Абулгазиев

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Эл аралык авиациялык комитеттин адистери Боинг 747-400 кулаган жерден үчүнчү “кара кутуну” табышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Ал эми Транспорт жана жолдор министри Жамшытбек Калилов биринчи борт компьютери 17-январда, экинчиси жана үчүнчүсү 18-январда табылганын айткан.

“Бүгүн эртең менен саат 7.30да бардык үч “кара куту” Москвага чечмелөөгө жөнөтүлдү. Андыктан окуяны чечмөөлөөнүн алгачкы жыйынтыгын күтүүгө болорун белгилеп кетүүгө болот”,-деди ал.

Эске сала кетсек, 16-январда саат 7.17де Боинг 747-400 самолету Бишкектин жанындагы Дача-Суу айылына кулаган. Акыркы маалыматтарга караганда 23 үй талкаланып, 38 адам каза тапкан. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү. Самолет Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп, «Манас» аэропортуна бензин куюу үчүн конмокчу болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу