19.01.2017, 17:28

Франциялык Hermes мода үйү кыргыз оймо-чиймелери менен жоолук чыгарды

 Франциялык Hermes мода үйү кыргыз оймо-чиймелери менен жоолук чыгарды

Бишкек, 19-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. Франциялык Hermes мода үйү кыргыз улуттук оймо-чиймелери менен жоолук чыгарды. Бул тууралуу Hermes мода үйүнүн расмий сайтында жарыяланды.

Жоолук Appaloosa des Steppes деп аталат.
Төрт бурчтуу жоолук 100% жибектен, колго бүрүлгөн 90/90.
Үч түстө: ак, кара жана көк.

Hermès International S.A. (кыскартылганда Hermès) – француз мода үйү, ал 1837-жылы ат жана атчандар үчүн кийим-кече, буюм-тайымдарды даярдоо боюнча устакана катары негизделген. Териден жасчалган буюмдарды жаяоого адистешүүнү улантуу менен Hermès акырындык менен ассортименттерди өзгөртүү менен атырларды, даяр кийимдерди жана ар түрдүү жасалгалуу буюмдарды чыгара баштаган. Болжол менен 1950-жылдардан бери компаниянын логотиби токулган аттын сүрөтү болуп саналат.