Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/01 16:42
 

КУЭТ энергетикалык объекттерде чычкан жана келемиштерге каршы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө

КУЭТ энергетикалык объекттерде чычкан жана келемиштерге каршы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө

Бишкек, 19-января /Кабар/. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” (КУЭТ) ААКнын филиалы болгон Чүй жогорку вольттуу электр тармактары ишканасы энергетикалык объекттерде чычкан жана келемиштерге каршы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу КУЭТтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Чычкан менен келемиштер көмөкчордондордун жер алдынан өткөн кабелдерин кемирип, изоляциясын бузуп, натыйжада электр жабдууларынын иштен чыгуусуна алып келүүдө. “Шаардык дезинфекция стациясы” Чүй жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын карамагындагы жогорку вольттуу көмөкчордондорду КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген инструкцияга ылайык, чычкан жана келемиштерге каршы уу коюу иштерин жүргүзүүдө.

“Энергетикалык объекттерде кыштын күнү чычкан жана келемиштерге каршы күрөшүү өтө актуалдуу, анткени сууктан качып алар жер алдындагы электр кабелдери өткөн жерлерге жашырынып, аларды кемирип , изоляциясын бузуп, иштен чыгарышат”,- дешти КУЭТтин басма сөз кызматынан.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу