Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/01 16:39
 

ИИМ: Авиакырсык болгон жерде талап-тоноочулукка шектелип кармалды делип тарап кеткен маалымат чындыкка дал келбейт

ИИМ: Авиакырсык болгон жерде талап-тоноочулукка шектелип кармалды делип тарап кеткен маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Авиакырсык болгон жерде талап-тоноочулукка шектелип кармалды делип тарап кеткен маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди КР ИИМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, авикырсык болгон күндөн тартып ал жер ИИМнын Атайын даярдыктагы полкунун жана Чүй ШИИБсынын кызматкерлери тарабынан толук курчоого алынып, коомдук тартип камсыз кылынган. Талап-тоноочулукка жол бербөө үчүн күнү-түнү күзөт коюлган.

“Ошол күнү милиция кызматкерлери тарабынан ар кандай буюмдарды, документтерди чакага салып бара жаткан шектүү адам токтотулган. Сурамжылоодо ал буюм-тайым салынган чаканы агасы берип, “машинага алып барып салып кой”, деп айтканын билдирген. Көп өтпөй агасы келип, тууганынын эки кызы урандынын астында калып өлгөнүн айткан. Көрсө тууганы эки кызын кошунасыныкына калтырып, өзү атасы каза болгондугуна байланыштуу Нарынга кеткен экен. Баары түшүнүктүү болгон соң алар коё берилген. Дагы бир жолу белгилеп кетебиз. Авиакырсык болгон жерде талап-тоноочулук катталган жок”,-дешти ИИМнын басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу