Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/01 15:48
 

Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ӨКМнин атайын эсебине 8 млн сомдон ашык каражат түштү

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Бүгүн, 19-январь саат 14:00гө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 8 млн 769 миң 968 сом 35 тыйын которулду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Бардык каалоочу жеке жана юридикалык тараптар төмөнкү реквизиттер боюнча каржылык жардам көрсөтө алышат.

Эсеп номери 4407012100007868
КР Финансы министрлигинин Борбордук казналык Банкы
БИК 440001
Төлөм коду 14238900
Ош шаары ,Моминов көч. 11
ОКПО 22710535
ИНН 00103200110150
Код УГНС 032 Ош ш.

Аталган эсепке сом, рубль, тенге, доллар, евро, юань ж.б. валютада акча каражатын которууга болот.

КР ӨКМнын атайын эсебине жооптуу болуп Финансы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башчысы, полковник Алмаз Эргешов эсептелет. Тел.: 0770 022 022, жумуш телефону (0312) 54 79 01.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу