Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/01 15:39
 

ӨКМ башчысы ЖМКлардагы Боинг-747нин “кара ящиги” окулду, алгачкы жыйынтыктар бар деген билдирүүнү жалган деп атады

 ӨКМ башчысы ЖМКлардагы Боинг-747нин “кара ящиги” окулду, алгачкы жыйынтыктар бар деген билдирүүнү жалган деп атады

Бишкек, 19-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ЖМКлардагы алгачкы маалыматтар Боинг 747нин жабдыктары жана кыймылдаткычы анын жер менен кагылышканган чейинки аралыкта штаттык режимде иштеп жатканын көрсөттү деген маалыматты жалган деп билдирди.

Эскерте кетсек, россиялык Life.ru басылмасы Кыргызстандын мамлекеттик комиссиясынын булагына шилтеме берүү менен борттогу кара ящик окулгандан кийин Боинг 747 учагынын борбор калаанын жанында кулашынын себеби учкучтун катачылыгынан улам болгон деп билдирген.
Кубатбек Бронов “Кабар” агенттигине билдиргендей, учактын “кара ящиги” бүгүн эле Москвага жөнөтүлгөнүн билдирди.

“Алар азыр Россиянын борборуна жете элек. Муну менен катар борттук компьютерди окуу узак убакытты талап кылат. Мен алгачкы жыйынтыктар бар деген маалыматты ким таркатып жатканын түшүнбөйм. Коомчулук туңгуюкка кептелип жатат. Анын үстүнө Эл аралык авиациялык комитеттин комиссия жетекчиси 10 күнгө чейин эч кандай маалымат бере алышпай турганын бизге айтты”,-деди К.Боронов.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу