Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/01 14:09
 

Президент Алмазбек Атамбаев: “Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүүнү улантуу зарыл”

Президент Алмазбек Атамбаев: “Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүүнү улантуу зарыл”

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-январда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ тилкесинде учактын кыйроосунан жабыркагандарга жардам берүү, авиакырсыктын кесепеттерин жоюу жана анын себептерин иликтөө боюнча иштин жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кырсык 38 адамдын өмүрүн алды, анын 17си балдар. Учактын кыйроосунан 26 турак жай жабыркады, анын 19у толук кыйрап, 7си жарым-жартылай бүлүндү. Мамлекеттик органдардын ишин ыкчам штаб жөнгө салып жатат. Бардык жабыркаган адамдар дары-дармектер менен камсыз болгон, аларды дарылоо улантылууда. Учак кыйраган жерде көчмө клиника ачылды. Курман болгондорду акыркы сапарга узатууну уюштурууга көмөк көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлдөрү жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өлкө Президентинин жана Өкмөттүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамдарды тапшырышты.

Өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, Президент Алмазбек Атамбаев кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча толук жана таасирдүү чараларды көрүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи. «Адамдарга жардам берүүнү басаңдатууга болбойт. Көп иштер жасалды, бирок, жабыркагандардын, өзгөчө балдардын башына капысынан түшкөн мүшкүлдү жеңилдетип, аларга камкордук көрүүнү улантуу керек », - деди Президент.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев журт башына келген кайгы учурунда тыгыз баш кошуп, тилектештиктик көрсөткөн бардык кайдыгер эмес жарандарга, активисттерге, ошондой эле кыйроонун кесепеттерин жоюуга көмөктөшкөн мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, ыктыярдууларга өлкө элинин атынан ыраазычылык билдирип, алкыш айтты.

“Оор шарттарга, суукка чыдап, жалын бүрккөн өрткө каршы күрөшүү менен алар адамдарды сактап калышты жана жабыркагандарга жардам берип жатышат. Мекендештерибиздин башына келген кайгыны тең бөлүшкөндөрдүн арасында көптөгөн ардагерлер жана балдар бар. Алардын моралдык жана материалдык колдоосу, куткаруучулар менен медиктердин кайратман жана уюшкан иши, көптөгөн жарандарыбыздын ак ниеттүүлүгү жана тилектештиги коомубузда тагдырдын катаал сыноолору учурунда да баш кошуп, бири-бирине колдоо көрсөтүүгө даяр сергек, жаратман күчтөрдүн көптүк кыларын ачык-айкын далилдеди. Азыр элибиздин биримдиги артып, ал эми мамлекетибиз улам күчтүү болуп бара жатканына дагы бир жолу ынандык”,- деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле кыйын күндөрү кайгыбызды тең бөлүшүп, колдоо көрсөтүшкөн чет өлкөлүк мамлекет жетекчилери менен жарандарга жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Өкмөткө курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө эл аралык ченемдерге ылайык компенсация төлөө проблемаларын чечүү жана алардын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн юридикалык колдоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу