Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/01 12:54
 

“Боинг-747” учагында Кыргызстан үчүн белгиленген жүк болгон эмес – “Манас” аэропорту

“Боинг-747” учагында Кыргызстан үчүн белгиленген жүк болгон эмес – “Манас” аэропорту

Бишкек, 19-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. 16-январда “Манас” аэропортуна жакын жерге кулаган “Боинг-747” жүк ташуучу учагында Кыргызстан үчүн белгиленген жүк болгон эмес. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

“Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамындагы жүк ташуучу учак аба-жүк борборунда тейленген эмес. “Манас” аэропортуна аталган каттам техникалык себептер - май куюу жана экипаждарда алмаштыруу үчүн гана конуп келген, анткени Түркиянын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык, экипаж 6 сааттан ашык учкандан кийин алмаштырылышы керек (каттамдардын категориясына жараша)”,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилеп кетүүчү жагдай, ЖМКларда АСТ түрк компаниясынын билдирүүсү тараган, анда бул медификациядагы учак 3 учкучту талап кылбайт, 2 учкуч жетиштүү деп айтылган.

Мындан тышкары, алар учакта узак аралыкка учуу үчүн май жетиштүү болгонун айтышкан.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу