Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/01 12:42
 

Кыргызстанда эмчек безинин рагы рак ооруларынын ичинен 1-орунда турат

Кыргызстанда эмчек безинин рагы рак ооруларынын ичинен 1-орунда турат

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Кыргызстанда эмчек безинин рагы рак ооруларынын ичинен 1-орунда турат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Дамир Абдылдаев билдирди.

“Тилекке каршы рак оорулуулардын 30%ы өз алдынча дарыланып жүрүп алышкандыктан, бизге оорусу өтүшүп кеткенден кийин келишет. Бул өтө жаңылыштык. 1-жана 2-стадияларында ракты 100% дарылап айыктырууга болот. 3-жана 4-стадияларында ракты айыктыруу кыйындап калат. Бизге канчалык эрте кайрылышса, дарылоонун натыйжасы ошончолук жакшы болот”,-деди Д.Абдылдаев.

Ошондой эле, башкы онколог өлкөдө 100 миң аялга 18/9 оорулуу туура келерин белгиледи. “100 миң аялдын 9у эмчек безинин рагынан көз жумат”,-деп айтты ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу