Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/01 12:37
 

Алматылыктар учак кырсыгынан жабыркагандарга 3 унаа гумжардам жөнөттү

Бишкек, 19-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. Алматыдан Бишкектин жанында “Боинг-747” учагынын кыйроосунан жабыркагандарга гуманитардык жардамы менен 3 унаа жөнөтүлдү. Бул тууралуу жардам чогултуу пунктунун жетекчиси Константин Авершин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, алар акча чогултушкан эмес, анткени бул тууралуу Бишкектен координаторлор суранышкан.
“Буюмдарды жана тамак-аш азыктарын эртең эрте менен жөнөтөбүз. Бары жаңы же жакшы абалдагы буюмдар, ал эми үй-жайсыз калгандарга тамак-аш көптүк кылбайт, муктаждык тууралуу булактардан маалымат алганбыз”,-деди ал.

Ошондой эле, К.Авершин бардыгы өз дарегине жеткирилерин билдирди. “Туура жана керектүү иш-чарага катышкандар үчүн маалымат эч камсанабаңыздар, бары ордуна жеткирилет”,-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 07:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, аэропортко жакын жердеги Дача-Суу айылындагы турак-үйлөргө кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга багыт алган, Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Учак кырсыгынан 38 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү бар. Жүу ташуучу учак Түрк компаниясына тиешелүү болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу