Коом

Май 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
19/01 12:12
 

Авиакырсыктан улам денесинин 45%ы күйүп калган кишинин акыбалы өтө оор - Алмаз Кубатбеков

Бишкек, 19-январь /Кабар/. “Боинг-747 самолетунун кулашынан улам денесинин 45% катуу күйүп калган кишинин акыбалы өтө оор”,- деп айтты “Кабар” агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы врачы Алмаз Кубатбеков.

Анын айтымында, жабырланган адамдын жогорку жамбаш сөөгү жана бир колу сөөгүнө чейин күйүп кеткен.
“Оорулуу кээ-кээде эсине келип атат, бирок абалы мурдагыдай эле оор бойдон”,-деди ал.

Ошондой эле, А.Кубатбеков эртең бул оорулуунун абалы боюнча дарыгерлердин кеңеши өтөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, Бишкектин жанындагы авикырсыктан 24 жаштагы Венара Дүйшеева да 2 баласы менен кошо каза тапкан. 17-январда алардын сөөктөрү Ноокен районундагы Курулуш айылында жерге берилди. Үй-бүлө башчысы 30 жаштагы Сагынбек Рахманов аман калган, бирок денеси күйүп, абалы оор. Ал учурда башкалаанын ооруканаларынын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу