Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/01 11:35
 

Кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» Москвага чечмелөө үчүн жөнөтүлдү

 Кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» Москвага чечмелөө үчүн жөнөтүлдү

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» бүгүн, 19-январда Россия Федерациясынын Москва шаарына чечмелөө үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) адистери авиациялык кырсыктын себептерин аныктоо үчүн учактын кутучаларынын маалыматтарын тийиштүү иликтөөдөн өткөрүшөт.

Эске салсак, 16-январда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жерде, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында «Боинг-747» аба учагы авиа кырсыкка кабылган. Жыйынтыгында 38 жаран каза болуп, анын ичинде 34ү – Кыргыз Республикасынын жарандары, 4ү Түркия Республикасынын жарандары (экипаж мүчөлөрү) болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу