Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
19/01 10:42
 

Францияда чакан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрсөтүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү бар

Францияда чакан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрсөтүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү бар

Бишкек, 19-янваья /Кабар/. Франциянын ат тармагы аймактар аралык биримдигинин өкүлдөрү Кыргызстанга 2018-жылы Францияда өтө турган ат спорту боюнча дүйнө Кубогунун финалында ат оюндарын көрсөтүүнү сунуш кылышты. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жакында Спорттун улуттук түрү боюнча дирекциянын директору Алмазбек Касенов Франциянын ат тармагы аймактар аралык бирмдигинин өкүлү Наталия Шамборанд, PGM фирмасынын президенти Жак Кнафо жана Кыргызстандагы жокей клубдун аткаруучу директору Айнура Эргешова жолугушуп, Кыргызстандын ат майдандарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Чолпон-Ата шаарындагы атмайданды мындан ары да жакшыртуу маселеси каралды.

А.Касеновдун айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстанда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп бере турган ат майдандары жетишпейт.
“Каракол шаарына ат майдан куруу үчүн биргелешкен долбоорду пландоодобуз”,-деди ал.

Ошондой эле меймандар Кыргызстанга 2018-жылы Францияда өтө турган ат спорту боюнча дүйнө Кубогунун финалында ат оюндарын көрсөтүүнү сунуш кылышты.

“Францияда чакан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрсөтүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү бар. Францияда спорттун улуттук түрлөрүн - көк бөру, ат чабыш, ордо, тогуз коргоол жана эр эңишти көрсөтүү сунуш кылынды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу