Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/01 10:40
 

«Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Бишкек, 19-январь /Кабар/. «Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү. «200-жүк» бүгүн, 19-январда, саат 07:55те № 349-авиакаттам аркылуу Бишкек-Стамбул багытында жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кечээ, 18-январда, «Боинг-747» учагынын үч экипаж мүчөсүнүн сөөктөрү (Ибрагим Даранджи, Хазим Ондуна, Исхон Коша) Республикалык соттук- медициналык экспертиза борборунда таанылып, Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигинин өкүлдөрүнө мекенине жөнөтүү үчүн берилген.

Эске салсак, 16-январда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жерде, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында «Боинг-747» аба учагы авиа кырсыкка кабылган. Жыйынтыгында 38 жаран каза болуп, анын ичинде 34ү – Кыргыз Республикасынын жарандары, 4ү Түркия Республикасынын жарандары (экипаж мүчөлөрү) болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу