Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 20:43
 

«Боинг-747»учак кырсыгынын натыйжасында каза болгон жарандар менен коштошуу зыйнаты болду

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Чүй, Нарын, Ош облустарында, кечээ, 17-январда Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында каза болгондор менен коштошуу зыйнаты болду. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен каза болгон жарандардын сөөктөрү Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Чүй областына жеткирилди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппараты билдирди.

Эскертсек, каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө алгачкы жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан кырсыктан каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде коштошуу зыйнатын өткөрүүгө 70000 (жетимиш миң) сомдон төлөнүп берилет.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты, алар Өкмөттүн атынан материалдык жардамдарды беришти.

Мындан тышкары, Бишкек, Ош шаарларындагы КР ӨКМ башкармалыктарында, ошондой эле башка облустук башкармалыктарда калктан гуманитардык көмөк чогултуу пункттары уюштурулган. «112» түз байланышы иш алып барууда.

«Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында 38 адам каза болгон, анын 34ү – Кыргыз Республикасынын жарандары, 4ү – Түрк Республикасынын (экипаж мүчөлөрү) жарандары.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу