Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 18:22
 

Кыргызпатентте интеллектуалдык менчик жана инновацияны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Кыргызпатентте интеллектуалдык менчик жана инновацияны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Бишкек, 18-январь /Кабар/. 2017-жылдын 18-январында Кыргызпатентте «Интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” деген темада семинар-тренинг өттү. Иш-чара Эстония интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүп берүү борбору (EIPTTC) менен биргелешип уюштурулган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Семинар-тренингдин ишине EIPTTC, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана ЖОЖдорунун өкүлдөрү жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

Кыргызпатент менен Эстониятараптын кызматташуусу жыл сайын өркүндөөдө жана адам ресурстарын өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик менеджменти жаатындагы билимди жогорулатуу жана интеллектуалдык менчик рыногун өнүктүрүү менен кошо, интеллектуалдык менчиктин бардыкчөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу маселелерин камтыйт. Эстония инновациялардын индекси боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде жетишерлик жогорку орунду ээлеп тургандыгын белгилеп кетүү керек жана биргелешип өткөрүп жаткан семинардын натыйжасында Кыргызпатент инновациялык системаны өнүктүрүүдө алдыңкы технологияларды колдонуу тажрыйбасын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Катышуучуларга Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев жана EIPTTCтин башкы директору Мариус Кунинг чыгып сүйлөштү. Алар экономиканы өнүктүрүүдө интеллектуалдык менчиктин ролу жөнүндө маалымат берүүнүн жана ушул чөйрөдөгү билимди жогорулатуу зарыл экендигин белгилешти.

«Ойлоп табууларды пайдалануу, аларды инновациялар статусуна өткөрүү көйгөйү, чыгармачылык иштердин прогрессивдүү натыйжалары өтө маанилүү. Инновациялык менеджментти өнүктүрүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болду» - деди Досалы Эсеналиев.
«1000 идеянын ичинен 100дү гана ишке ашырууга болот, анын ичинен10 коммерциялаштырылат жана бирөө гана ийгиликтүү болот!» - деп өз баяндамасында баса белгиледиМариус Кунингас. Ал ошондой эле «шамал энергиясынын генератору» - эстония ойлоп табууларынын ичинен эң ийгликтүү ойлоп табуусу экендигин белгиледи, анткени ал бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болду. Тез инновациялык өнүгүүнү күтүүдө дайыма эле ишенич акталбайт, бул системаны туура тандоого байланыштуу, анткени тигил же бул өлкө ушул жол менен өнүгүүгө багыт алат. «Эстониясистемасы 2010-жылы эле инновациялардан Эстониянын ИДПсынын жалпы фондунан 2%га жогорулатууну болжоштурган, бирок 2015-жылы бул көрсөткүч 1,5% гана болгон», - деп белгиледи ал.

EIPTTCтин маркетинг боюнча адиси Мартин Хансон Эстониянын технологиялар трансфери боюнча технопарктардын, илимий парктардын, инкубаторлордун, офистердин ишинин серебин баяндады.

Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын абалы жана алардыөнүктүрүүнүн келечегижөнүндө Кыргызпатенттин Инновациялар жана стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Өскөнбай Козубаев баяндады. Ал Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү тарыхы тууралуу айтып берди жана анын максаты болуп интеллектуалдык менчик системасын жана инновациялык ишти өркүндөтүү аркылуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү саналарын белгилеп кетти.

Маалымдама: EIPTTC – интеллектуалдык менчик жаатында кызмат көрсөтүүчү жана изилдөөлөрдү жүргүзүүчү жана технологияларды өткөрүп берүү менен иш алып баруучу коммерциялык эмес Эстония бирикмеси болуп санат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу