Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 18:06
 

Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Сооронбай Жээнбековго авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кыргыз-россиялык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында 16-январда катталган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Телеграммада мындай деп айтылат:

«Манас» аэропортундагы учак кыйрашынын натыйжасында тынч жарандардын курман болушуна байланыштуу терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргызстандыктар үчүн ушул азалуу күндөрү сиздер менен кайгыңыздарды тең бөлүшөм жана каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтам».

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу