Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/01 18:03
 

Ислам Университетинде өтүп жаткан кайрымдуулук акциясында 45 миң 694 сом чогулду

Ислам Университетинде өтүп жаткан кайрымдуулук акциясында 45 миң 694 сом чогулду

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кыргызстан Ислам Университети Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан улам каза болгон мекендештерибиздин туугандарына жардам чогултуу максатында өткөрүп жаткан кайрымдуулук акциясында 45 миң 694сом чогулду. Кайрымдуулук акциясынын уюштуруучуларынын айтымында, иш-чара 20-январга чейин улантылат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Кайрымдуулук ишибиз улантылат, бүгүнкү ишибиз кайрымдуулугубуздун башталышы. Мекендештерибиздин ал абалдарына кайдыгер карабаган жарандарыбыз үчүн эшигибиз ачык, жардам чогултуу ишибизди улантуудабыз»,-деди КИУнун ректору Марс Ибраев.

Учурда КИУнун жыйындар залында атайын кутуча орнотулуп, келип түшкөн каражаттар чогултулууда. Топтолгон каражатты атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү такташып, жабыркаган үй-бүлөлөргө беришмекчи.

Жардам берүүнү каалаганда үчүн эшик ачык. Байланыш телефондору: 0701999976, 0776882707, 0700177177

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу