Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/01 17:17
 

Байланыш мамкомитетинин төрагасынын орун басары Казакстандан сатылып алынып жаткан интернеттин баасын айтуудан баш тартты

Байланыш мамкомитетинин төрагасынын орун басары Казакстандан сатылып алынып жаткан интернеттин баасын айтуудан баш тартты

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн парламенттин жыйынында КР Байланыш жана маалымат технологиясы мамкомитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовдон Кыргызстан Казакстандан интернетти кандай баада сатып алып жатканын сурады.

Мамкомитеттин төрагасынын орун басарынын айтканына караганда, провайдерлер менен сүйлөшүүлөр болуп, интернеттин баасы төмөндөтүлгөн.

“Коммерциялык сырдан улам, мен интернеттин баасын ачык айта албайм. Бирок биз сизге бул маалыматты беребиз”, -деди Э.Аматов.

Өз кезегинде эл өкүлү алар мындан коммерциялык сыр жасап жатышканы менен биз интернетти 13 АКШ долларына сатып алып жатканыбыз интернетке жайылып кеткенин белгиледи.
“Макулдашууга 2016-жылдын 22-декабрында кол коюлуптур, чыгым канча болду?”,-деп сурады депутат.

Мамкомитеттин төрагасынын орун басары кайра эле коммерциялык сырга такап, чыгымдын суммасын айтуудан баш тартты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу