18.01.2017, 17:02

Баткен облустук соту бир күндүк маянасын авиакырсыктан жабыркагандарга которот

Бишкек, 18-январь /Кабар/. 16-январда болгон кырсыкка кайдыгер карабаган Баткен облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери 2017-жылдын 18-январында жалпы чогулуш өткөрүп, Чүй облусундагы Манас аэропортунун жанында болгон “Боинг-747” жүк ташуучу учактын авиациялык кырсыгынан каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болушун, ошондой эле жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ошол кырсыкта жабыр тарткан жарандар тезирээк айыгышын тилөө менен жардам иретинде облустук соттун жалпы жамааты бир күндүк эмгек акысын которууну чечти. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.